Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Жылдыз Эгенбердиева, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Бакыт Тентишев, Сеидбек Атамбаев, Жаныбек Абиров, Гуля Кожокулова, Адилет Белеков, Гүлнара Баатырова, Бекмурза Эргешов.

Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Козуев тааныштырды. 

Документ климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн калкка, экономикана жана экосистемаларына тийгизген таасирин азайтуу чараларына багытталган. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты