Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушуу: Президент альпинисттерди колдоого даяр  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту. Мамлекет башчы планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктап, альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирди.

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоо кыргызстандык – КР альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасы Гималайдагы Манаслу чокусун ушул жылдын 1-октябрында багындырышкан. 

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти. 

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун чокусунда көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул жүрүштү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан. 

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Президент Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты. 

Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө. 

Маалымат үчүн: Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушуу: Президент альпинисттерди колдоого даяр  
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты