Манас таануучу Раиса Кыдырбаева 94 жашында дүйнө салды

  • 1 месяц мурун

Кыргыз филология илиминин көрүнүктүү өкүлү, филология илимдеринин доктору, профессор, Манас таануучу жана фольклорист Раиса Кыдырбаева 94 жаш курагында дүйнө салды.

Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясы 11-январда кабарлады.

Раиса Кыдырбаева манас таануу илиминин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошуп, “Манас” эпосун кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, тарыхый эс тутумун чагылдырган улуу феномен катары илимий негизде изилдеген. Анын эмгектери кыргыз филология илиминин алтын фондусуна айланып, кийинки муун окумуштуулар үчүн баалуу мурас болуп калды.

Окумуштуу узак жылдар бою илимий мектеп түзүп, ондогон жаш илимпоздорду тарбиялады. Ал өз өмүрүн улуттук мураска кызмат кылууга арнаган илимпоз катары эсте калат.

“Манас” улуттук академиясы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кыргыз илим коомчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты