Манас шаарындагы мамлекеттик университеттин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалды
- 2 месяца мурун
Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу К.З.А. алдамчылыкка шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган кызмат абалынан пайдаланып, абитуриенттерди сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди «жабуу» үчүн акча алууга шектелүүдө.
Тергөө тарабынан кармалган октуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталганы айтылат.
Муну бөлүшүү




