Манас шаарында сел суулары тазаланууда

Кечээ, 22-майда,  болжол менен саат 19:00 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы, Сейил жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Манас шаардык жана Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө “Айгай” сигналы жарыяланып, куткаруучулар жана тиешелүү жарандык коргонуу кызматтары окуя болгон жерге тартылган.

Кырсык болгон аймакка: – ӨКМден 73 куткаруучу 8 мотопомпа;

– шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 151 кызматкер;

– 9 техника тартылды.

Жалпы: 292 адам жана 9 техника күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 14 турак жайды, 4 социалдык объекти суу каптаган.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты