Манас шаарында авто мектептеги коррупцияга шектүүлөр кармалды

Президенттин иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары жеке менчик авто мектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп алып, практикалык сынактарын тапшыруу үчүн окуучулардан системалуу түрдө акча чогултууну уюштурганы аныкталган.

Схемага ылайык, авто мектептердин окуучулары акча каражаттарын (5000 сомдон 10 000 сомго чейин) ортомчу жарандарга беришкен. Алар өз кезегинде мекеменин кызматкерлери аркылуу сынактарды тапшырууда акча бергендердин жакшы баа алуусун камсыздашкан. Практикалык сынак тапшырган күнү 10дон 15ке чейинки окуучулар бул коррупциялык схемадан өтүшкөн, ал эми уюштуруучулардын мыйзамсыз кирешеси күн сайын 30 миң сомдон 50 миң сомго чейинки көрсөткүчтү түзгөн.

10-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жана алардын шериктери Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А. жана М.Б.А аттуу жарандар кезектеги пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты