“Манас” паркы күнүнө 3 миң кишиге чейин кабыл алууга ыңгайлаштырылган
- 2 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу модернизацияланган «Манас» паркы менен таанышты.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды
Маалыматта айтылгандай, долбоордун алкагында 27 заманбап аттракцион, 9D кинотеатр, балдар, спорт жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, кафе, дүкөндөр жана видеокөзөмөл орнотулду. Аймак көрктөндүрүлүп, жарыктандыруу жана ирригациялык система жаңыланды.
Парк күнүнө 3000 кишиге чейин кабыл алууга ылайыкташтырылгандыгы белгиленди. Долбоордун ишке ашырылышы менен 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




