«Манас» эпосунун баш каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби бекитилди
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинети «Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартибин бекитти.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону тууралуу өкмөттүн сайтында маалымат берилди.
«Документтин максаты «Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын жана алардан түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында пайдалануунун укуктук тартибин белгилөө, ошондой эле аларды туура, жоопкерчиликтүү жана моралдык нормаларга ылайык пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат» деп айтылат маалыматта.
Токтомдун негизги милдеттери болуп каармандардын ысымдарын пайдаланууга жол берилүүчү шарттарды жана чектөөлөрдү аныктоо, ошондой эле ысымдарды этикалык, моралдык талаптарга жана мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу эсептелет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




