“Манас” эпосу бар – тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!” Куттуктоо
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.
“Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даңазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект кеңири жайылып бара жаткан бүгүнкү кырдаалда элибиздин феномени менен гана улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз» деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле куттуктоодо «Манас» эпосун жайылтуу боюнча кандай иштер жасалып жаткандыгы учкай айтылды:
«Бул багытта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда турган “Манас” эпосунун отуздан ашуун вариантын санариптештирип, элге жарыялап, аларды окумуштууларыбыз илим жана билим берүү тармагында изилдеп жатышкандыгы кубаттоого арзыйт.
Кыргыз улуттук “Манас” театры өлкөбүздүн аймактарында, чет жактарда да өзүнүн борборлорун ачып, улуттук сыймыгыбыз “Манас” үчилтигин жайылтууга, дүйнө элине таанытууга жаңы кадамдарды таштады. Ошондой эле “Манас” улуттук академиясы да мына ушундай дымактуу иштерди илгерилетип, эл аралык алкакка чыкканы турат.
Ал эми Таластагы “Манас Ордо” комплексин да жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатканын билесиздер.
Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы – “Манас” үчилтигине аяр мамиле жасоо: аздектөө, ар тараптан изилдөө, даңазалоо Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң түрткү берип келет.
Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары – даанышман окумуштуулар, ата-бабаларыбыз калтырган таберик мурасты кастарлап, ага таазим кылып, даңктай билели.
“Манас” эпосу бар – тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!” деп айтылат куттуктоодо.
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргызстанда улуу «Манас» эпосунун күнү белгиленүүдө.