“Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүлгөнү жатат

  • 2 года мурун

“Манас” эл аралык аэропортунун акционерлеринин 1-декабрдагы кезексиз чогулушунда “Манас” эл аралык аэропортун мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү долбоору сунушталды.

Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министрлигинин сайтында маалымдалды.  

Акционердердин кезексиз чогулушунда долбоорду КР экономика жана коммерция министрлигинин жана эл аралык финансы корпорациясынын (IFS) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү сунуштады.   

Анда акционерлерге “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунда бул долбоорду ишке ашыруунун артыкчылыктарын айтып беришти.

Айтылгандай, долбоордун максаты -Бишкек шаарында аэропорт ишмердүүлүгүнүн жакшыруусуна жана жүргүнчүлөргө, авикомпанияга жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн  сапатынын жакшыруусуна көмөкчү болуу.  Бул үчүн аэропортту модернизациялоого инвестиция тартуу.

Долбоорду презентациялоонун жыйынтыгында суроо-жооптор болуп,  КР экономика жана коммерция министрлиги менен  IFC ортосунда финансылык-консультациялык кызмат көрсөтүү келишими жактырылды.

IFC “Манас” эл аралык аэропортуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча көп кырдуу эксперттик баасын берип,  долбоордун структурасын сунуштайт, ошондой эле изилдөөлөрдү, (техникалык, укуктук, жаратылыштык жана социалдык) финансылык анализ, божомолдоо жана инфраструктурасынын диагностикасын сунуш кылат.

Бул иштер Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигинин айтымында, эл аралык “Манас” аэропортуна квалификациялуу эл аралык инвестор/өнөктөш тартууга көмөкчү болот. Бул үчүн Кыргыз Республикасына экономикалык жактан пайдалуу конкурс өткөрүлүп, аймактагы аэропортторду өнүктүрүүгө салым кошот.

Министрликтин айтымында: Маалымат үчүн:   IFC — Дүйнөлүк банктын тобунун мүчөсү, өнүгүүнүн глобалдык институту болуп саналат, өнүгүп келее жаткан рынок мүмкүнчүлүгүн ачууга көмөк болуу, бул структура жеке секторго багытталган.

 IFC дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө иштейт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өзүнүн капиталын, тажрыйбасын жана рынок түзүүгө күмүк берет деп айтылат.

2021-жылдын 19-октябрында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча “Манас” эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү долбоору боюнча  КР экономика жана коммерция министрлиги менен Эл аралык финансылык корпорациянын ортосунда  финансылык консультациялык кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты