Реконструкциядан кийин “Манас” аэропортунун аэровокзалынын кире бериши ачылды
- 4 недели мурун
Реконструкциядан кийин “Манас” аэропортунун аэровокзал комплексинин кире бериши ачылды.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ал эми ички жана тышкы жасалгалоо иштери уланууда.
Курулуш иштери аяктагандан кийин аэровокзалдын жалпы аянты 60 миң чарчы метрге чейин кеңейтилет.
Терминал менен жабык асма өтмөк аркылуу туташкан көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу аяктоо алдында турат.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропортторунун» видеосунан
Муну бөлүшүү




