“Манас” үчилтигинин дунган тилиндеги китебинин бет ачары өттү

  • 2 месяца мурун

Кыргыз элинин улуу мурасы — «Манас» эпосунун үчилтиги («Манас», «Семетей», «Сейтек») дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрүшүнө арналган бет ачар аземи өткөрүлдү.

Аталган эмгек филология илимдеринин кандидаты Фатима Машинхаева тарабынан 4–5 жыл аралыгында дунган тилине которулган.

Иш-чара Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулду. Иш-чарага БШК мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Карим Ханжеза, Бахридин Шабазов, Рахат Жунушбаева Рахат, ошондой эле Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Рахман Медер, «Кыргыз Республикасындагы дунгандар» коомдук бирикмесинин өкүлү Салим Жалазов, маданият ишмерлери жана коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы басылманын мазмуну, анын илимий жана маданий мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Катышуучулар бул эмгек элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана руханий баалуулуктарды жайылтууда өзгөчө ролго ээ экенин белгилешти.

Салтанаттын алкагында конокторго маданий программа тартууланып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарылды.

“Манас” үчилтигинин дунган тилиндеги китебинин бет ачары өттү

Сүрөттөр: Иш-чарадан. Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты