“Манас” борборунун курулушу башталды  

  • 2 месяца мурун

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын аймагында заманбап “Манас” борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Долбоордун алкагында курулуш үүн 2 гектар жер бөлүнгөн.

Имараттын жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта 500 орундуу салтанат жайы, 1300 орундуу концерттик зал жана “Манас” эпосуна арналган музей жайгашат.

“Борбор өзүн-өзү каржылаган маданий комплекс болуп, андан түшкөн каражат эпосту даңазалоого жана анимациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Курулуш 2026-жылдын декабрында аяктайт” деп айтылат маалыматта.

Курулуш президенттин иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулушту баштоо иш-чарасына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков катышты. Иш-чаранын алкагында мезгил кутучасы салынды.

Сүрөт: Маданият минитсрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты