«Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды

  • 2 года мурун

«Манас” эл аралык аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат берген маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде («Опузалап пара алуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн.

УКМК шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кытай жаранынан 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылганын, 17-мартта 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты