«Манас» аэропортунда Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран кармалды
- 1 год мурун
«Манас» эл аралык аэропортунда Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Муну бөлүшүү




