«Манас» аэропортунда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда «Манас» эл аралык аэропортунан эл аралык издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан Кытайдын кылмыш-жаза кодексинин 151-беренеси (уруксат берилбеген товарлардын аткезчилиги) боюнча издөөдө жүргөн.
Шандунь провинциясынын полициясы жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында, санитардык-карантиндик тастыктамадан өтпөгөн, эпидемиялык жактан начар региондордон тоңдурулган уй эттерин аткезчилик менен ташыган уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусун аныктаган.
Кытай бажы көзөмөлүнөн өтпөө үчүн жогорудагы кылмыштуу топ товарларды деңиз аркылуу мыйзамсыз жол менен чыгарып кетип жүрүшкөн. Кытайдын аймагында бул эттер Цзаочжуан шаарындагы фабрикага жеткирилип, ал жактан андан ары сатуу үчүн жасалма тастыктама менен таңгакталып турган.
Шектүүнү кармоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин бирге аракетинин, Интерполдун базасына багыттаманы өз убагында жайгаштыруунун, андан сырткары, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мүмкүн болду.
Издөөдө жүргөн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, чара көрүү үчүн Сокулук РИИБге жеткирилди.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы