«Манас» аэропортуна Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча биринчи жолу транзит каттамы келди

2024-жылдын 16-майынан баштап T’way Airlines авиакомпаниясы Түштүк кореянын Инчхон шаарынан Хорватиянын Загреб шаарына багыт алып – «Манас» эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрү менен транзиттик каттам келди.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, T’way Airlines авиакомпаниясы аэропортко конуп, учакты май менен камсыздады.

T’way Airlines транзиттик каттамдары жумасына үч жолу аткарылат.

«Манас» аэропортунда май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафе, дүкөн кызматтарынан жана «Манас» аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

“Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жаңы бийиктиктерди багындырып, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого салым кошо алабыз деп ишенем» деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун” төрагасы Манасбек Самидинов.

«Манас» аэропортуна Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча биринчи жолу транзит каттамы келди

Сүрөттөр: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты