«Манас» аэропорту: Кыргызстанга Казакстандан жеке учак учуп келген жок

  • 2 года мурун

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Кыргызстанга Казакстандан жеке учак учуп келди деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

“Бир күн мурун жана ушул убакка чейин Казакстандан Бишкекке конуу тууралуу билдирүү түшкөн жок. Бүгүн “Тез жет” авиакомпаниясынын учагы Алматыдан бош келди, ал Оштон Алматыга чертердик рейс менен барган.

Ал эми демейдеги каттамдарды алсак, “Эйр Астана” авиакомпаниясынын Алматы-Бишкек-Алматы каттамы кийинкиге калтырылды” деп билдирди “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстанга Казакстандан жеке учак учуп кетти, анын ичинде Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү болушу мүмкүн деген маалымат тараган.

Казакстанда  массалык толкундоолор болуп, өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты