“Манас” аэропорту Дубайдан келген менчик учак боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Bombardier маркасындагы учак буюртманын негизинде 6-январда аба майданга конгонун, ал Дубайдан учуп келгенин билдирди.

Курбанова «Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүндө самолёт коммерциялык каттам, кимге караштуу жана жүргүнчүлөр кимдер экенин билбей турганын жазды. Курбанова аларды тактоо аэропорттун компетенциясына кирбей турганын кошумчалады.

“Манас” аэропортунун басма сөз кызматкери 6-январда дагы бир Bombardier үлгүсүндөгү учак Македониядан учуп келип, техникалык конуу (техстоп) жасаганын билдирди. Техникалык конуу – учакка жүргүнчү, жүк салуусу жана түшүрүүсү жок 24 саатка уруксат берүү.

Буга чейин социалык тармактардын бир катар колдонуучулары жана айрым жергиликтүү сайттар Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындарына таандык делген учак Бишкекке конгонун жазып чыгышкан.

24.kg агенттиги жазгандай, Назарбаев үй-бүлөсүнө байланышы бар делген бул учак Бишкек сааты боюнча 22:10до «Манас» аба майданына конгон. Flightradar24 сайты көрсөткөндөй, учак саат 00:10до Бишкектен учуп кеткен. Азырынча анын кайсы өлкөгө учканы белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты