Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 32 жыл толду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 32 жыл толду.

Кыргыз Республикассын дүйнөгө тааныткан Туубуз мындан 30 жыл мурда, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан  кабыл алынган.

Анын авторлору — Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

2023-жылы 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Ага 59 депутат макул болуп, 5 депутат каршы чыкты.

22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирди.

2023-жылы 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды. Афтандил Жоробеков учурда камакта жатат.

2023-жылы 2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты