Бүгүн — мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 14-январда, Кыргызстандын башкы символдорунун бири болгон мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү.

1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби бекитилген. Анда алтын шоола улуу Күн, ак мөӊгүлүү Ала-Тоо, көйкөлүп жаткан Ысык-Көл, канат каккан Ак шумкар чагылдырылган.

Кыргызстандын мамлекеттик гербинин авторлору — Асеин Абдраев, Садырбек Дубанаев.  

8-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында флагштокко илинген туу кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган туу илингенин билдирди.

Мамлекеттик тууну алмаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты