Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башчысы кармалды
- 11 месяцев мурун
- Видео
“С.Л.” ЖЧКсына карата салык көзөмөлүн жүргүзүүдө кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3 кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы райондук салык органынын кызмат адамдары С.Л. ЖЧКнын текшерүү учурунда салык төлөөдөн качуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бирок мекеме кызматкерлери аталган субъект менен кылмыштуу бүтүмгө келишкени такталган. Салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан.
Салык органынын кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




