Мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартуу тапшырылды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсеге кыскартууну тапшырды.

Бул керектөөнү 50 %га кыскартууга, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи. Анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты