Нью-Йоркто куралчан киши кеңсе имаратын аткылап, төртөө каза тапты
- 11 месяцев мурун
Нью-Йоркто, Манхэттендеги офис кеңселеринде куралчан киши ок атып, анын колунан төрт киши, анын ичинде полиция кызматкери каза тапты. Ок чыгарган киши өзүн-өзү атып өлтүрдү.
Бул тууралуу Associated Press билдирди.
Полиция ок аткан кишинин тек-жайын тактады, ал Лас-Вегастын 27 жаштагы тургуну Шейн Тамура болгон. Нью-Йорк шаарынын полиция комиссары Жессика Тиштин билдирүүсүндө, ок чыгарган тургундун психикасынын бузулгандыгы боюнча документи бар, бирок эмне себептен аткылоого баргандыгы белгисиз.
CNN билдирүүсү боюнча Тамуранын Невада штатынан берилген курал алып жүрүүгө уруксаты болгон.
pic.twitter.com/n1kNJY7RVJ#BREAKING:
— Nizam Tellawi (@nizamtellawi) July 29, 2025
A gunman in a sport coat opened fire with a silenced assault rifle inside a Manhattan office tower housing Blackstone & the NFL.
One NYPD officer is in critical condition, another civilian injured. Suspect found dead from self-inflicted…
Сүрөт: x.com/RyanRozbiani




