Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуунун алтынчы пакети иштелип чыкты

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик кызмат органдарын бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алтынчы отуруму өттү. Бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын алтынчы пакетине бириктирилип, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Отурумдун жүрүшүндө комиссиянын ишинин аралык жыйынтыгы чыгарылып, МинКаб төрагасынын орун басары, юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Аяз Баетовдун баяндамасы угулду.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле бюрократияны жоюу сунуштары айтылды.

Анда Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Улуттук статистика комитети маалыматтарды талдоонун негизинде өкмөттүн концепциясын иштеп чыгышты.

Экономика министрлиги – мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө “нөл-плюс” жана “нөлдүк бюрократия” принциптерин, “Түндүк” системасы аркылуу даректүү ыкмага жана автоматтык эсептөөлөргө өтүү максатында салыктык чегерүүлөргө талдоо жүргүзөт, бизнеске профилактикалык консультация берүү системасын киргизүүнү сунуштайт, онлайн соодага салык салуу реформасын ишке ашырат.

Ошондой эле кош бойлуу аялдарга жана алты жашка чейинки балдарга дары-дармектердин ордун толтуруунун максатка ылайыктуулугун изилдөө милдети коюлду.

Тиешелүү мекемелерге ELQR QR төлөмдөрүнүн функционалдуулугун кеңейтүү, анын ичинде банкоматтар аркылуу накталай операцияларды жүргүзүү сунушталды.

Мамлекеттик органдар тарабынан берилген жарлыктар жана башка көптөгөн демилгелер жана сунуштар бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын алтынчы пакетине бириктирилип, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Ведомстволор аралык комиссия 2025-жылдын март айында түзүлүп, биринчи иш-чаралардын пакети, анын ичинде 36 ченемдик укуктук акт жана 10 системалык көрсөтмө февраль айында бекитилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты