Парламент комитети БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартуу мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана Жогорку Кеңештин регаменти боюнча комитети БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Таалайбек Масабиров.
Мыйзам долбоору менен БШКнын 12 мүчөсүн 7 мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда. Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окууда БШКнын курамын 8 кишиден сунуштоо киргизилмекчи.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




