“Кворум маселеси да бар”. Жогорку Кеңеште БШКнын санын кыскартуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 12-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.
Маалымат менен демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сандык курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окуунун алкагында БШКнын курамын сегиз мүчөдөн кылып түзүү тууралуу өзгөртүү сунушталаарын билдирди.
Депутат Камила Талиева комиссиянын сандык курамын 12ден жетиге кыскартуу зарылдыгы эмнеден келип чыкканына кызыкты:
Депутат Нурбек Сыдыгалиев биринчи окууда кабыл алынгандан кийин, БШК мүчөлөрүнүн санын 7 эмес, 8 ге кыскартуу сунушталарын айтты, себеби БШКнын мүчөлөрүнүн жарымын президент, жарымын парламент сунуштайт, ошондо 8 болгондо эки тарап төрттөн мүчөнү сунуштайт.
Ал эми БШКнын 12 мүчөсүн 8ге кыскартуунун себеби:
-Бул жумуштун ыкчам жүрүшү боюнча, БШКда кворум маселеси да бар, анткени 12ни чогултуш да кыйын экен, алар онлайнга өтүп алышкан. Менимче онлайн болбош керек, 8 мүчөсү тең катышыш керек. 12 деген парламенттик башкаруу учурунда кирген, оппозиция, позиция болуп бөлүнүп калганбыз да, -деди Нурбек Сыдыков.
БШК төрайымынын орун басары Айдана Жупуева Камила Талиеванын 12 мүчөнүн айынан жыйындар үзгүлтүккө учураган учуру барбы деген суроосуна, кворум болбой калып, жылдырылган учурлар кездешкенин билдирди.
Камила Талиева негизги маселе иштин сапаты, интеллектуалдуулук, ар түрдүүлүк керектигин да айтты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




