Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын У.С.С. аттуу мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

5-августта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде шектелип, N53 түзөтүү мекемесине камакка алуу баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты