Мамлекеттик нотариус кармалды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу М.у.М. пара алууга шектелип кармалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.у.М. Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынан калган үйдү мурас катары каттоо үчүн пара алууга шектелүүдө.
Кармалган нотариус М.у.М. Ат-Башы райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




