Мамлекеттик катчы Иманкулов карылар күнү менен куттуктады

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Карылар күнү менен куттуктады.

-Элибиз «Карынын кебин капка сал», «Карынын сөзү – жамак, жамагы жашоого сабак», деп улуу муундун айтканын турмуштун казынасы катары баалаган. «Ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя» деп да бекеринен айткан эмес. Чындыгында, сиздердин ар бир насаатыңыздар элибиз үчүн жол көрсөтчү чырак болуп келген жана боло берет.

Конституциябыздын негизги жоболорунда Кыргызстан социалдык мамлекет жана ар бир жаран социалдык камсыздоого жана пенсияга укуктуу экени так жазылган. Бул мамлекетибиздин сиздерге болгон мыйзамдуу жана моралдык милдети, -деп айтылат куттуктоодо.

2025-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөбүздө пенсияларды индексациялоо жүргүзүлөт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн коэффициент 10 пайызга жогорулайт, бирок 600 сомдон кем эмес кошулат. Натыйжада бардык пенсионерлердин пенсиясы жогорулатылат, ал эми пенсиянын жалпы өлчөмү 7 миң 100 сомдон төмөн болбойт.

Бул чечим ардагерлердин жана улгайган жарандардын социалдык корголушун жакшыртууга, карылыгына татыктуу кам көрүүгө, мамлекеттин жана коомдун алдында аткарган ак эмгегин татыктуу баалоого багытталган, -деп айтылат куттуктоодо.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты