Мамлекеттик катчы ак калпак күнү менен куттуктады
- 2 месяца мурун
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.
“Сиздерди ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Ар бир элдин улуттук кийими – ошол элдин маданиятын, тарыхын чагылдырган укмуштуудай көрүнүш. Биздин ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дагы элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, турмуш-тиричилигинин курамдык бөлүгү, маданий мурасынын маанилүү элементи катары бизге жетти.
Муундар аралык байланышты камсыз кылган улуттук кийимдерибиздин ар бир өңүтү: кездемеси, тигиши, ою-чиймелери терең мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө биз ааламдашуу доорунда күн кечирип, ыкчам өнүгүп жаткан технологиянын заманында тарых-таржымалыбызды да, маданий мурастарыбызды да унутуп же жоготуп алуу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Саат сайын өзгөрүүлөргө толгон дүйнөдө балдарыбызга бабалардан калган дөөлөт-мурастарыбызды, тилибизди, дилибизди жеткирүү эң башкы милдетибиз экенин эсибизден чыгарбоого тийишпиз”деп айтылат куттуктоодо.
2019-жылы ак калпак Кыргызстандын атынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОго катталган. 5-март 2011-жылдан бери Ак калпак күнү катары расмий түрдө белгиленип келет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан