Мамлекеттик чек арадагы аткезчилик аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет элдик номурлуу  “Хундай Портер” автоунаага жүктөп жаткан 1992-жылы туулган М.Т.Р. кармалган.

21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы Касымбеков көчөсүндөгү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаасы 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалды.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты