Мамлекетке алынган Равшан Жээнбековдун туугандарына таандык “Асыл таш” эс алуу жайы ӨКМге өтүп, ачылышы болду

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 25-июлда, өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл районундагы “Асыл-Таш” эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышын өткөрдү.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага ӨКМдин алдындагы мекемелердин, өлкө аймагындагы башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Эс алуу жайдын ачылышында министрликтин башчысы, генерал-майор Бообек Ажикеев өздүк курамды эс алуучу жайына ээ болушу менен куттуктады.

Анын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясаты менен жеке менчик ишканалары мамлекетке өтүп, эл үчүн кызмат кылууда. Мамлекетке өткөн ишканалардын катарын «Асыл-Таш» пансионаты да толуктаган.

Буга чейин түйшүктүү кесипти аркалаган куткаруучуларды эс алдырууда кыйынчылык жаралып келсе, мындан ары пансионат куткаруучулар үчүн кызмат кыларын билдирди.

Эс алуу жай өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилгенден тарта кайра оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эс алуучулар үчүн шарттар түзүлгөн.

2024-жылы 11-ноябрда УКМК тарабынан болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык турган, имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлк комплекси, ошондой эле 13,33 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган.

Сүрөт: 2024-жылы УКМК басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты