Равшан Жээнбековдун жакындарына таандык болгон «Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
УКМК тарабынан болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык турган, имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлк комплекси, ошондой эле 13,33 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
“Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго, төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Равшан Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон” деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
«Асыл-Таш» пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда «Кемпирабад»кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков болгондугу маалыматта белгиленди.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу арасында оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков да 2022-жылы октябрда камалган.
2024-жылы 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




