«Мамлекет маданият тармагына өзгөчө көңүл бурууда». Министрлер кабинетинин төрагасы куттуктады
- 2 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Акыркы эки-үч жыл ичинде мамлекет тарабынан маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү каражаттар бөлүнүп жатат. Жалпы маданият чөйрөсүнүн инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча олуттуу аракеттер жүрүп, көптөгөн маданий мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп, театр оюн-зоок мекемелеринин коюмдары, чыгармачылык гастролдорун каржылоо толугу менен камкордукка алынды.
Музыкалык аспаптар сатып алынып, бардык мекемелелер аспаптар менен камсыз боло баштады. Натыйжада улуттук искусствонун мыкты чыгармалары жаралып, жалпы элге тартууланды. Чыгармачылык союздар туруктуу негизде каржылык колдоого алынып, китепкана, музей, маданият үйлөрү тиешелүү жабдуулар менен камсыздууда.
Материалдык базанын чыңдалышы биздин таланттарга кошумча дем берип, 2025-жылы кыргыз маданияты дүйнөлүк аренада арымын арбытып, эл аралык фестивалдарда жана конкурстарда кыргыз өнөрпоздору байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн чыгармачылык дараметин далилдешти” деп айтылат куттуктоодо.
Бүгүн, 2-ноябрда өлкөдө маданият тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




