«Мамлекет диний көз-караш, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт». Президенттин куттуктоосу
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп айтылат:
-Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ. Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт.
Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем. Андыктан, жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы.
Бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм! “Жашоодо эң күчтүү курал – бул акыл, эң күчтүү чеп – бул сабыр” деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы.
Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут-береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Орозо айыңыздар куттуу болсун!” деп айтылат куттуктоодо.