Мамлекет башчы Жапаровдун Орусияга жумушчу сапары соңуна чыкты

  • 1 год мурун

Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары аяктап, бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарына кайтып келди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы жыл сайын Орусия тараптын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

КМШ өлкөлөрүнүн башчылары Орус музейине барышып, россиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты, бейформал эртең мененки тамактанууда болушту.

Ошондой эле Санкт-Петербургдагы бейформал саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин саммитке катышкан  мамлекет башчыларына шакек тартуулаганы тууралуу маалымат ЖМКга жарыяланды.

Келерки жылы саммит Бишкек шаарында өтөт.

Мамлекет башчы Жапаровдун Орусияга жумушчу сапары соңуна чыкты

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты