Мамдумага Украинаны «террористтик мамлекет» деп таануу тууралуу мыйзам долбоору келип түштү

  • 2 года мурун

Орусиянын Мамлекеттик думасына Украинаны «террористтик мамлекет» деп таануу тууралуу мыйзам долбоору келип түштү.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги парламенттеги «Справедливая Россия» фракциясынын башчысы Сергей Мироновго шилтеме кылып кабарлады.

РИА Новости агенттиги мыйзам долбоорунда Украинадан башка өлкөлөрдү да «террористтик мамлекет» же «терроризмдин демөөрчүсү» деп таануу жөнүндө жазылганын билдирди. Маалыматка караганда, «терроризмдин демөөрчүсү» деп «террористтик мамлекетке» аскердик маанидеги продукцияларды жеткирген өлкө таанылат. Мындай өлкөлөрдүн тизмесин түзүү үчүн Орусиянын өкмөтү жооп бериши керек болот.

Мыйзам долбооруна ылайык, кайсы бир мамлекетти «террористтик» деп таанууга анын «жардырууларды, өрт коюуларды же калкты коркута турган башка аракеттерди уюштурууга жооптуу экени далилденгени» негиз болот. Мындан тышкары ага «мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү же кылмыштуу топторду уюштуруу» жана «Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу же аймагынын бир бөлүгүн тартып алууга чакырык жасоо» учурлары да себеп болушу мүмкүн.

Документке ылайык, «террористтик» деп таанылган өлкө менен бардык дипломатиялык мамилелер үзүлүп, ал өлкөнүн жарандарына таандык болгон мүлктөр конфискацияланат.

Орусия Украинага кол салгандан бери украин бийлиги батыш өлкөлөрүн, анын ичинде АКШны бир канча жолу Орусияны террористтик мамлекет деп таанууга чакырган. Украин өкмөтү өлкөдө буга чейин кабыл алынган мыйзам боюнча орус жарандарынын мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына алып кое алат.

Сүрөт: ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты