Мамдума бир ай кызмат өтөгөн жоокерлерди фронтко жөнөтүү маселесин талкуулоодо

  • 9 месяцев мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жоокерлерге бир ай аскердик кызмат өтөгөндөн кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө уруксат берүүнү пландап жатат. Андан соң аскер кафедрасы аларды Украинадагы согушка жөнөтүүгө мүмкүндүк алат.

Мыйзамга сунушталган тиешелүү түзөтүүнү Мамдуманын Коргоо иштери боюнча комитети жактырды.

Документке ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги мындай келишимдерди мобилизация мезгилинде, аскердик абал, куралдуу кагылышуулар жана антитеррордук операция учурунда, ошондой эле армияны чет өлкөдө колдонууда түзө алат.

Учурда армияга чакырылган орусиялыктар үч ай аскерде кызмат өтөгөндөн кийин гана Коргоо министрлиги менен келишим түзө алышат.

25-июлда Мамлекеттик Дума орус армиясында кызмат өтөө шарттарын катаалдаштырган бир нече түзөтүүлөрдү кабыл алган. Ага ылайык, чакыруу жөнөтүлгөндөн кийин аскер комиссариатына барбагандарга айып пул эселеп көбөйтүлүп, чакыруу курагынын жогорку чеги – 27 жаштан 30 жашка чейин көтөрүлөт.

Муну менен катар депутаттар аскер курагынын төмөнкү чегин – 18ден 21 жашка чейин көтөрүү планынан баш тартышты. Думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов кабыл алынган түзөтүүлөр боюнча комментарий берип жатып, алар «чоң согуш үчүн» жана «жалпы мобилизация үчүн» жазылганын айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты