Кытайдын түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны Мекенге өткөрүлүп берилди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарынын узак мөөнөттүү жана координацияланган ишинин жыйынтыгында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны А.А.ны кыргыз тарапка өткөрүп берүү процедурасы жүргүзүлдү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билирди.
Маалыматта айтылгандай, соттолгон жаранды өткөрүп берүү 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылды.
Кыргыз тарап эки тараптуу келишимдин жоболорун ишке ашырууда конструктивдүү кызматташуусу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирет.
“Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктунда соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын өткөрүп берүү процедурасына Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын түрмөлөрдү башкаруу башкармалыгынын өкүлдөрү, Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук кызматкери катышты.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




