Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келет

  • 1 неделя мурун

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат” деп белгиледи Азымбакиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты