Кыргызстан-Малайзия: Бир катар документтерге кол коюлду
- 3 недели мурун
Бүгүн, 25-июнда, президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Министрлер Кабинети менен Малайзия өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Министрлер Кабинети менен Малайзия өкмөтүнүн ортосундагы санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Министрлер Кабинети менен Малайзия өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Министрлер Кабинети менен Малайзия өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда, Министрлер Кабинети менен Малайзия өкмөтүнүн ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;
— Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтернин ортосунда дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;
— Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы менен Малайзиянын башкы прокуратурасынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;
— Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Сүрөттө: Кол коюу учуру. president.kg