Өлкөдөгү эпизоотиялык абал талкууланды
- 2 месяца мурун
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан «Зооноздук инфекциялардын жаныбарларга, адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Бул тууралуу Ветеринария кызматы билдирди.
Иш-чарага ветеринардык кызматтын аймактык жана ведомстволук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ветеринардык ассоциациялар, мамлекеттик органдар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын максаты өлкөдөгү зооноздук инфекциялардын учурдагы абалын талкуулоо, алардын жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана алдын алуу менен көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу болду.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди карашты:
-Зооноздук инфекциялар боюнча учурдагы эпизоотиялык кырдаал жана тобокелдиктер;
-Алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап илимий жана практикалык ыкмалар;
-Мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
-«Бирдиктүү ден соолук» (One Health) алкагында ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоо.
Зооноздук дарттардын жайылышын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты.
Ушул айтылгандарга кошумчалай кетсек, жеке ветеринарлар ассоциациясынын өкүлү Эрмек Түнгатаров Жогорку Кеңештин “Эл үмүтү – Ата Журт” депутаттык тобунун жыйынында өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу эмес экенин билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




