Максат Тентимишов Екатеринбургдагы башкы консул кызматынан бошотулду
- 3 месяца мурун
Максат Тентимишов Россиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Тентимишов Максат Орусиянын Пермь крайынын, Свердловск, Челябинск, Курган жана Тюмень облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп эки жыл мурда дайындалган.
Сүрөттө: Максат Тентимишов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




