Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Асаналиев Максат 5-июнда Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Президенттин жарлыгы менен Курманкул Зулушев кызматынан бошотулду.

5-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка сунуштаган Максат Асаналиевдин талапкерлигин карады жана колдоду. Катышып жаткан 69 депутаттын баары макул деп добуш берди.

Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылынын кулуну. Ош облусунун прокурору кызматында, башкы прокуратурада, Улуттук коопсуздук системасында иштеген.

3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөттө: Максат Асаналиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты