Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды
- 1 год мурун
Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Чыңгыз Айдарбеков, Талайбек Масабиров, Камила Талиева, Аида Исатбек кызы, Айсулуу Мамашова.
Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева жеке менчик реабилитациялык борборлордун кесипкөйлүгүн текшерүү керектигин белгилеп, мамлекеттик борборлорго муктаждык бар экенин билдирди.
Ошондой эле парламент жыйынынжа «Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору аксакалдар сотунун чечимдерине даттануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары депутаттар «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун дагы үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




