Майрам Акаева Кыргызстанга келди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу экс-министр Бекболот Талгарбеков ЖМКга билдирди.

Талгарбековдун айтымында, Майрам Акаева апасын акыркы сапарга узатуу тажиясына келди.

“Майрам Акаева Таласке бара жатат. Аны менен бирге уулу Илим да бар. Ал эми Аскар Акаев келген жок” деди Талгарбеков.  

Майрам Акаеванын апасы 104 жашка чыккан, маркумду акыркы сапарга узатуу тажиясы 26-январда өтөрү айтылууда.

Майрам Акаева 2005-жылдагы жоогазын революциясынан бери Кыргызстанга биринчи жолу келиши.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин Аскар Акаев биринчи жолу 2021-жылы 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген. Экинчи жолу өткөн жылдын 14-декабрында келген.

Президент Садыр Жапаров Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот деп билдирген.

Сүрөттө: Майрам Акаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты