Садыр Жапаров: Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде «Кумтөр» алтын кени жазга чейин Кыргызстанга толук өтөөрүн билдирди. Жапаров бул маселеде Аскар Акаевдин берген көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийгенин белгилеп өткөн.

«Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы, Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот», — деди Жапаров.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген. Кыргызстанга келип кеткенден кийин Аскар Акаев орусиялык «Московский комсомолец» басылмасына берген маегинде ага карата «куугунтук токтотулганын», «бардык иштер жабылганын» айткан.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «Кумтөр иши» боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты