Майнинг ферма ачууга көмөгү үчүн опузалоого шектелип, энергетика министринин экс-орун басары кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
13-февралда ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 20 миң АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин 1979-жылы туулган мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
«Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 миң АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган. ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!