Майда Ташкент-Алматы багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд каттай баштайт
- 3 года мурун
2-майдан тартып «Алматы-2 – Ташкент – Алматы-2» багыты боюнча ырааттуу түрдө тез жүрүүчү поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы билдирди.
«Казакстан темир жолу» компаниясынын каттамдары жумасына үч жолу аткарылат. Поезд «Алматы-2» вокзалынан Өзбекстанга дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү, «Ташкент-Центральный» вокзалынан Казакстанга шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
Буга чейин Казакстанга «Нукус – Бейнеу – Нукус» багыты боюнча поезд каттай баштаганы айтылган.
«Өзбекстан темир жолдору» акырындык менен башка жакынкы чет мамлекеттерге да поезд каттамдары ачылышы керектигин белгиледи.
Өзбекстан 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу тышка жүргүнчү поезддеринин каттамын токтоткон.
Муну бөлүшүү